Биз менен байланышыңыз

Боронбаева: 165 бейтапты дарылоого 3 млн 98 миӊ сом сарпталды

Кыска кабар | 27 Апр 2020 | 4639 | 0

COVID-19 илдетине чалдыккан 165 бейтапты стационарда дарылоого 3 млн 98 миӊ 824 сом сарпталды. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрайымы Элнура Боронбаева билдирди.

Ал эми коронавирус боюнча обсервацияда көзөмөлдө жаткан 1 794 адамга 5 млн 264 миӊ 219 сом бөлүнгөн.

Эске сала кетсек, 27-апрелге карата өлкөдө коронавируска кабылган 695 жарандын 395 айыгып чыкты.  Сегизи каза тапты.

 

Copyright © 2017 Maral FM