Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абадда коронавирус жуктуруп алган 16 дарыгердин 12си айыкты

Кыска кабар | 27 Апр 2020 | 599 | 0

Жалал-Абад облусунда 16 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алса, анын 12си айыгып, үйүнө чыгарылган. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук медициналык штабдын башчысынын орун басары Урматбек Боржуев билдирди.

«Жалал-Абад облусунда 16 медицина кызматкери коронавируска чалдыккан. Алардын ичинен 12 медицина кызматкери айыгып, үйүнө чыгарылган. Учурда алар үй көзөмөлүндө болууда. 4 медицина кызматкери дарыланууда. Ала-Букада 19 медицина кызматкери обсервацияда жатат. Алардын биринчи анализи оору жок экенин көрсөткөн. Экинчи анализдерин 12-күнү алабыз. Эгер ал анализдер оору жок экенин көрсөтсө, алар обсервациядан чыгарылат. Бул алдын алуу жана коопсуздук чаралардын бири«, — деди Урматбек Боржуев.

Кыргызстанда жалпы коронавирус жуктургандардын саны 695ке жетти. Алардын ичинен 395 адам коронавирустан айыгып, 8 киши каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM