Биз менен байланышыңыз

Республикалык штаб: жүк ташуучуларды текшерүү күчөтүлүүдө

Кыска кабар | 27 Апр 2020 | 381 | 0

Кыргызстандын аймагына кирүүчү жүк ташуучулардан COVID-19 дартын текшерүү чаралары күчөтүлүүдө. Бул туурасында Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылды.

Бүгүнкү күндө чек арадан өтүп жаткан бардык алыска жүк ташуучулар экспресс-тестирлөөдөн өткөрүлүүдө. Дарт аныкталган учурда айдоочулар ПЧР-анализдин жыйынтыгы чыкмайынча обсервацияга жаткырылат.

Жүк ташуучу унаалардын биздин чек аралар аркылуу мындан ары тоскоолдуксуз өтүүсүн жана азык-түлүк жана башка зарыл товарларды өз мөөнөтүндө жетирилишин камсыздоону улантуубуз керек. Бирок бүгүнкү күндө коопсуздукту камсыздоо максатында жүк ташуучулар үчүн кыйынчылыктарды жаратпастан, бул багыттагы ишти көзөмөлгө алууну күчөтүү керек. Өзгөчө көңүлдү жүк ташуучулардын андан аркы аймактар аралык кыймылына буруу керек, — деди биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов.

Мындан тышкары жыйында Саламаттык сактоо министирлигинин, Ички иштер министрлигинин, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишмердүүлүгүнө тиешелүү маселелер талкууланды. Инфекция чыккан жерлерде үймө-үй кыдыруу иштерин жүргүзүү уланууда.

Тармактык мамлекеттик органдарга Кыргызстандын аймагына жүк ташуулардын кирүүсүн жана андан аркы жүрүүсүн көзөмөлдөө алгоритмин жакшыртуу тапшырылды.

 

Copyright © 2017 Maral FM