Биз менен байланышыңыз

Орусия коронавирусту жуктургандардын саны боюнча Кытайдан ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Апр 2020 | 727 | 0

Акыркы сутка ичинде Орусияда 6 198 коронавирус инфекциясы катталып, 47 бейтап көз жумган. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча ыкчам штаб кабарлаганын жергиликтүү басылмалар жазды.

Ошентип, Орусия коронавирусту жуктургандардын саны боюнча Кытайды артта калтырды. Орусияда бул илдетке чалдыккандардын жалпы саны 87 174кө жетип, алардын ичинен 794 адам көз жумуп, 7 346 айыгып чыкты.

Ал эми, Кытайда илдет башталгандан бери жалпы 83,9 миң адам коронавирус жуктуруп, 4 512 адам көз жумган.

Copyright © 2017 Maral FM