Биз менен байланышыңыз

Орусиядан келген эки жаранда коронавирус аныкталды

Кыска кабар | 27 Апр 2020 | 625 | 0

Бүгүн, 27-апрелге карата коронавирус инфекциясы боюнча жаңы 13 учур катталды. Жаңы катталган эки учур чет жактан келген жарандардан аныкталды. Бул тууралуу бүгүнкү брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсенбаев билдирди.

Нурболот Үсенбаев билдиргендей, алардын бирөөсү Орусиянын Соль-Илецк шаарында бир айдан ашык туруп, Кыргызстага чек арадан өтүп жатканда анализ алынып, анын жыйынтыгында коронавирус тастыкталып, бүгүнкү күндө ооруканага жаткырылды.

Экинчи жаран Орусиянын Новгород шаарынан келген. Анализдеринин жыйынтыгында коронавирус аныкталып, дарылоого алынган. Ошондой эле аны менен байланышта болгон үй-бүлөсүнүн бир мүчөсүнө да оору жуккан.

Ошондой эле, бир сутка ичинде 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Алар:
Бишкек шаарында – 2;
Ош шаарында – 1.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 183 учур катталды.

Кыргызстанда жалпы коронавирус жуктургандардын саны 695ке жетти. Учурда стационарда – 292 адам дарыланууда, алардын ичинен реанимацияда – 7 киши. Жалпы коронавирустан айыгып 395 адам ооруканадан чыгарылып, 8 киши каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM