Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Кытайдан келген дарыгерлер тобу мекенине учуп кетет

Кыска кабар | 27 Апр 2020 | 631 | 0

Бүгүн, 27-апрелде саат 12.00дө Кытайдан келген медициналык эксперттик топ кайрадан мекенине учуп кетет. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Маалыматка ылайык, эксперттик топ келгенден бери Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментине барып, мекеменин иши менен таанышып, лабораториялык аныктоо, ооруну аныктоо алгоритми, жакын байланыштагыларды обочолонтуу боюнча, Кытайда эпидемиологиялык изилдөөлөрдө колдонулган ыкмалар жаатындагы тажрыйбалары менен бөлүшүшкөн.

Ошондой эле эксперттик топ Карантиндик жана өзгөчө кооптуу оорулардын республикалык борборунда болушуп, мында жергиликтүү адистер менен коронавирус инфекциясын алдын алуу чараларын, эпидемияга каршы жана дезинфекциялоо иш-чараларын талкуулашты. Адистер Кытайдын COVID-19 менен күрөшүүдөгү тажрыйбалары менен бөлүшүп, кыргызстандык медицина кызматкерлеринин суроолоруна жооп беришти.

Ошондой эле Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун базасында Кыргызстандын медицина кызматкерлери үчүн коронавирус инфекциясын алдын алуу жана дарылоого тийиштүү темалар боюнча онлайн-семинарлар уюштурулду.

Эксперттик топтун кыргызстандык медицина кызматкерлери үчүн онлайн-семинарларына республика боюнча ар түрдүү адистиктердеги 700дөн ашуун адам катышты.

Copyright © 2017 Maral FM