Биз менен байланышыңыз

Дагы 25 бейтап коронавирустан айыкты

Кыска кабар | 27 Апр 2020 | 429 | 0

Бир сутка ичинде 25 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелдеги брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Коронавирустан айыгып чыккандардын аймактарга карата бөлүнүшү:

Бишкек шаары – 2;
Ош шаары – 2;
Ош облусу — 1;
Жалал-Абад облусу — 4;
Нарын облусу — 16.

Республика боюнча жалпы коронавирус жуктургандардын саны 695ке жетти. Учурда стационарда 292 адам дарыланууда, алардын ичинен реанимацияда 7 киши. Жалпы коронавирустан айгып 395 адам ооруканадан чыгарылып, 8 киши каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM