Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Чүй облусунун Аламүдүн районунун Октябрь айылында Чу дарыясында аял кишинин жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМдин куткаруучулары тартылып, адамдын жансыз денесин суудан чыгарышып, Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Учурда анын аты-жөнү жана туулган жылы такталууда.