Биз менен байланышыңыз

Ош менен Ысык-көлдө күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыска кабар | 25 Апр 2020 | 351 | 0

Бүгүн, 25-апрелде эрте менен Ош жана Ысык-Көл облусунун аймактарында очогундагы күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту маалымдады.

Ош облусундагы жер титирөөнүн күчү сезилген аймактар:

— Алай районунун Тогуз-Булак, Арпа-Тектир айылдарында, Кара-Суу районунун Чайчи айылында 5 балл;

— Алай районунун Кең-Жылга, Кара-Шоро, Боз-Караган, Таш-Короо, Жаңы-Турмуш айылдарында, Кара-Суу районунун Алга-Бас, Бек-Жар, Лангар, Талдык айылдарында, Кара-Кулжа районунун Жетим-Дөбө, Сары-Булак айылдарында 4 балл;

— Ош шаарында, Өзгөн районунун Өзгөн шаарында, Мырза-Арык, Мырза-Аке, Салам-Алик айылдарында, Жалал-Абад шаарында, Кара-Суу шаарында жана Ноокат районунун Ноокат айылында 3 баллга чейин сезилди.

Ысык-Көл облусундагы жер титирөөнүн күчү сезилген аймактар:

— Тоң районунун Туура-Суу, Оттук айылдарында беш балл,

— Бар-Булак, Шор-Булак, Кара-Талаа, Ак-Өлөң айылдарында төрт балл,

— Эшперов, Тогуз-Булак, Төрт-Күл, Темир-Канат айылдарында үч балл жана Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Тоо, Кара-Саз, Төлөк айылдарында үч баллга чейин сезилген.

Маалыматка ылайык, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Copyright © 2017 Maral FM