Биз менен байланышыңыз

Эл Элмирбек менен түз эфирде коштошот

Кыска кабар | 22 Апр 2020 | 1499 | 0

Эл артисти Элмирбек Иманалиев менен коштошуу зыйнаты 22-апрель саат 09:30да өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин пресс-кызматы билдирди.

Өлкөдө болуп жаткан өзгөчө абалга байланыштуу акынды акыркы сапарга узатуу түз эфир аркылуу көрсөтүлмөкчү. Аны КТРК, Ала-Тоо-24, ЭЛТР телеканалдарында, Маданият,
маалымат жана туризм министрлигинин фейсбук менен инстаграм барактарынан көрүүгө болот.

Актаңдай акын Элмирбек Иманалиев 20-апрелде 42 жашында дүйнө салды. Анын сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат.


Жеңишбек Жумакадырдын Иманалиевге арнаган жоктоосу (текст)

Copyright © 2017 Maral FM