Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: Ысык-Көлдүн тоолуу райондорунда кар жаайт

Кыска кабар | 19 Апр 2020 | 409 | 0

Кыргызгидромет борбордун болжолуна ылайык эртең, 20-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Өлкөнүн башка аймактарында күн ачык болот. Бийик тоолуу унаа жолдор тоңголок, тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24

Талас облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +19…+24

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +20…+25

Ысык-Көл жана Нарын облустарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +14…+19

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +8…+10 градус, күндүз +22…+24 градус болот.

Copyright © 2017 Maral FM