Биз менен байланышыңыз

COVID – 19: Өзбекстанда карантин режими дагы 20 күнгө узартылды

Кыска кабар | 19 Апр 2020 | 869 | 0

Өзбекстандын бийлиги карантин режимин 10-майга чейин узартты. Мындай чечим Республикалык атайын комиссиясынын коронавируска байланыштуу чыгарган тыянагына таянып кабыл алынган.

Апаатка карата 20-апрелге чейин карантин киргизүү чечими март айында кабыл алынган. Өлкөнүн борбору Ташкенттен башка аймактарда автоунаа каттамына тыюу салынган. Кечээ эле велосипед менен жүрүүгө да чектөө киргизилген.

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны бүгүнкү күндө 1495ке жеткен. 194 бейтап сакайып, эпидемиядан беш адам каза болгон. Өзбекстанда коронавирус жуктурган алгачкы адам 15-мартта аныкталган.

Copyright © 2017 Maral FM