Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: 17-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт

Кыска кабар | 16 Апр 2020 | 590 | 0

Кыргызгидромет борборунун берген болжолу боюнча эртең, 17-апрелде республиканын тоолуу райондорунда кар жаайт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын жаабайт.

Күндүз кээ бир жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19;

Талас облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 13…18;

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 2…7, күндүз 17…22;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 11…16;

Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 9…14;

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 3…5, күндүз 17…19 градус болот.

Copyright © 2017 Maral FM