Биз менен байланышыңыз

Сабиржан Абдикаримов: Калк арасында коронавирус катталган учурлар дээрлик жок

Кыска кабар | 15 Апр 2020 | 2660 | 0

Кыргызстанда бүгүнкү күндө коронавирус илдети менен катталган учурлардын 95 пайызы үй карантининде жана обсервацияда жаткан жарандардан чыгып жатат.

Мындай маалыматты саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты.

Учурда COVID-19 в илдетине чалдыккандардын 95 пайызы обсервацияда жаткандар, үй карантинине алынгандардан чыгып жатат. Калктын арасынан катталган учурлар жок, — деди министр.

Депутат Өмүрбек Бакиров өлкөдө коронавируска кабылган жаңы учурлар көбөйүп жатканы, алар кайсыл жактан катталып жатканына кызыгып, министрге суроо узаткан.

15-апрелге карата өлкөдө COVID-19 вирусун жуктурган 19 жаӊы учур катталган. Алардын 15и медицина кызматкерлери экени айтылды. Кыргызстанда бул илдетке чалдыккандардын жалпы саны 449га жетти.

Copyright © 2017 Maral FM