Биз менен байланышыңыз

Саламаттык сактоо министрлигинин эки кызматкерине коронавирус жуккан

Кыска кабар | 14 Апр 2020 | 503 | 0

Саламаттык сактоо министрлигинин эки кызматкери коронавирус илдетин жуктуруп алды. Бул тууралуу Өкмөттөгү ыкчам штабдан кабарлады.

Коронавирус жуктуруп алгандардын бири – ыкчам штабга тартылган ведомство алдындагы саламаттык сактоо уюмунун кызматкери. Экинчиси – күзөт кызматынын кызматкери.

Эки кызматкерден COVID-19 вирусу тастыкталгандан кийин, алар менен байланышта болгон министрликтин бардык кызматкерлеринен анализдер алынды – жыйынтыктары коронавирус жок экенин көрсөттү.

Ооруну жуктуруп алгандар обсервацияга алынып, тийиштүү түрдө дарыланууда.

Copyright © 2017 Maral FM