Биз менен байланышыңыз

Президент, Өкмөт башчы, спикер коронавирус боюнча абалды талкуулашты

Кыска кабар | 14 Апр 2020 | 357 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-апрелде, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана өлкөнүн парламенттик фракцияларынын жетекчилери менен жолугушту.

Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда учурдагы кырдаал жана коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына жайылышына жол бербөө чараларын, медиктерди жана инфекцияга каршы күрөшүүдө алдыңкы саптарда иштеп жаткандардын бардыгынын аракеттерин колдоону күчөтүү жөнүндө пикир алмашуу болду.

Акыркы күндөрдөгү жарандардын ооруга чалдыгуусу боюнча абал калктын ортосундагы түздөн-түз социалдык карым-катнаштарга коюлган чектөөлөрдүн алынып салынышына али эртелик кыларын айгинелеп тургандыгы белгиленди.

Спикер жана премьер-министр өлкөнүн айрым шаарларында жана райондорунда өзгөчө абал режимин узартуу максатка ылайык болорун баса белгилешти.

Парламенттик фракциялардын лидерлери өзгөчө абал узартылса, ишкердикти, калктын социалдык аярлуу катмарын колдоо, экономикалык стимулдаштыруу жагдайлары боюнча Өкмөткө бир катар сунуштарын беришти.

Ошондой эле медициналык кызматкерлерди жеке коргонуучу каражаттар менен камсыздоону күчөтүүгө, Республикалык ыкчам штабдын жардамга муктаж болгондорго даректүү жардам көрсөтүүдө жана зарыл медициналык каражаттар менен камсыздоодо бюрократияны азайтуу керектигине көңүл бурушту.

Президент Сооронбай Жээнбеков түзүлгөн кырдаалда жарандардын коопсуздугу жана ден соолугун коргоо биринчи кезектеги маселе экенин дагы бир ирет белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM