Биз менен байланышыңыз

Боронов жалпы медицина кызматкерлеринен кечирим сурады

Кыска кабар | 13 Апр 2020 | 966 | 0

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов коронавируска каршы күрөшүүдө кайсыл бир медицина кызматкерине карата айтылган сөз үчүн жалпы медицина кызматкерлеринен кечирим сурады. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын башчысы ушул тапта Өкмөттө өтүп жаткан маалымат жыйынында айтты.

Мурда медицина кызматкери боюнча маселе айтылган. Мен айткан маалыматты кайсы бир медицина кызматкери өзүнө алган болуп жатат. Анда бирөөнүн купуя сырын ачып, аты-жөнүн атоо боюнча ой болгон эмес. Максат  — вируска каршы күрөшүп жаткан кызматкерлердин вируска кабылуусунун, ошондой маселенин алдын алуу эле. Ушундай ой менен айтылган. Эгерде медиктердин аброюна шек келтирген болсом, аларга катуу тийсе жалпы медиктерден кечирим сурайм, —  деди Кубатбек Боронов.

Copyright © 2017 Maral FM