Биз менен байланышыңыз

ИИМ: 12-апрелге карата коменданттык саатты бузган 95 жаран кармалды

Кыска кабар | 12 Апр 2020 | 350 | 0

12-апрелге карата кечки саат 20.00 эртең мененки 07.00 убакыттын ичинде жалпы республика боюнча коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай бузгандыктары үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 95 жаран жеткирилип, 8 автоунаа атайын жайларга токтотулду.  Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Алардын ичинен:
Бишкек шаары боюнча — 66;
Ош шаары боюнча — 5;
Жалал-Абад шаары — 8;
Сузак району– 16.
Ал эми, Кара-Суу жана Ноокат районунда тартип бузуулар катталган жок.

Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 2384 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен коё берилди.

Copyright © 2017 Maral FM