Биз менен байланышыңыз

Нурдинов: Байланыш түзүп, айткандан уялгандарды тесттен өтүшүн суранат элем

Кыска кабар | 12 Апр 2020 | 392 | 0

Биз күн сайын инфекцияга чалдыккан адамдар менен байланыш түзгөндөрдү издеп, сураштырып жатабыз. Мындай пикирин Кара-Суу, Ноокат райондорунун жана Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов билдирди.

Анын айтымында, биринчи кезекте балдардын, үй-бүлө мүчөлөрүнүн анан элдин ден соолугуна кайдыгер болбоо керек.

Эгерде эл арасында коронавирус инфекциясына чалдыккан адамдар менен байланыш түзгөн, же байланыш түзүп алып айткандан уялып, текшерилбей жүргөн, же жөн гана өзүнөн шек санап жаткан жарандар болсо, коркпостон медицина кызматкерлерине барып атайын тесттерден өтүп коюштарын суранып кетет элем, — деди Нурдинов.

 

Copyright © 2017 Maral FM