Биз менен байланышыңыз

10-апрель: Ноокатта дагы бир адам коронавирустан каза тапты

Кыска кабар | 10 Апр 2020 | 889 | 0

Өткөн сутканын ичинде Ноокаттын ооруканасында бир адам COVID-19 оорусунан каза тапты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Маалыматка ылайык, ал 87 жашта болгон. Кыргызстанда жалпысынан оорудан беш адам көз жумду.

Кыргызстанда 10-апрелге карата коронавирус жуктургандардын саны 298ге жетти. Алардын ичинен 39 адам айыкты.

Copyright © 2017 Maral FM