Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда дагы 13 дарыгер коронавирус жуктуруп алды

Кыска кабар | 8 Апр 2020 | 844 | 0

Коронавирус жуктуруп алган дарыгерлердин саны 32ге жетти. 8-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19 менен катталган жаңы 42 учурдун арасында 13 киши медкызматкер. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов бүгүнкү брифингде билдирди.

Маалыматка ылайык, жаңы жуктуруп алгандардын он бири Ош облусундагы дарыгерлер, бирөө Бишкек шаарындагы дарыгер болгон.

— Алардын бардыгы тиешелүү дарылануудан өтүп, ооруканаларга жайгашты. Жуктуруп алган дарыгерлер, бардыгы оорулуулар менен байланышта болгондор, — деп билдирди Саламаттыкты сактоо министри Абдикаримов.

Кыргызстанда коронавирусун жуктурган 32 медицина кызматкеринин аймактарга карата бөлүнүшү:
• Бишкекте – 4,
• Ош облусунда – 20,
• Жалал-Абад облусунда – 7,
• Баткен облусунда – 1.

Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 270ке жетти. Алардын ичинен 44 адам айыгып, төртөө каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM