Биз менен байланышыңыз

Ош: коменданттык саатты бузган 10 жаранга 3 миң сомдон айып салынды

Кыска кабар | 7 Апр 2020 | 367 | 0

Өткөн сутка аралыгында коменданттык саатты бузгандыгы үчүн 10 жаран кармалды. Бул тууралуу Кара-Суу, Ноокат райондорунун жана Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов билдирди.

Мыйзамга ылайык, 10 жаранга тең 3 миң сом өлчөмүндө айып салынды. Ошондой эле, 2 айдоочуга, биринчиден,коменданттык саатты бузгандыгы үчүн 3 миң сом айып, экинчиден, мас абалында унаа башкаргандыгы үчүн 17 миң сомдон айып салынды. Ал эми жалпы облус боюнча оор кылмыш иштери катталган жок, — деп билдирди Нурдинов.

Ошондой эле ал коменданттык саат убагында жана өзгөчө абал киргизилген жерлерде мыйзам бузгандарга 10 күн бою жөн гана эскертүүлөр берилип келгенин айтып, 3-апрелде чыккан жаңы мыйзамдын негизинде өзгөчө жалган маалымат тараткан адамдардын айрымдарына 5 миң сомдон айып пул салынганын кошумчалады.

Бүгүн, 7-апрелге караган түнү өлкө боюнча коменданттык саат киргизилген аймактардагы ички иштер бөлүмдөрүнө жалпы 94 жаран жеткирилди.

Copyright © 2017 Maral FM