Биз менен байланышыңыз

Британиянын чалгындоо кызматы коронавирустун пайда болушунун жаңы версиясын атады

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Апр 2020 | 790 | 0

Британиянын чалгындоо кызматы коронавирус пандемиясы Кытайдагы лабораториядан тараган деп эсептейт. Ошол эле учурда, «инфекция жаныбарлардан жукту деген салттуу версия жокко чыгарылбайт», — деп жазат Рен ТВ каналы Daily Mail журналына шилтеме берип.

Daily Mail маалымдагандай, Ухань шаарында вирустун таралышына себеп болгон кеминде эки лаборатория иштейт. Алар: Вирусология институту жана Ухань ооруларын көзөмөлдөө борбору. Акыркы  мезгилде жаныбарларга, анын ичинде жарганаттарга эксперименттер өткөрүлгөн.

Биологиялык коопсуздук боюнча америкалык эксперт, профессор Ричард Эбрайттын айтымында, ал лабораториялардагы илимпоздордун вирустарды кандайча изилдегенин, бирок изилдөөлөрдө коопсуздук талаптары сакталбагандыгын жеке өзү байкаган.

Ошол эле учурда Британия жана Кытай бийлиги аталган чалгындоо кызматынын версиясын тааныбайт.

Copyright © 2017 Maral FM