Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда коронавирустан дагы эки адам каза тапты

Кыска кабар | 6 Апр 2020 | 1632 | 0

5-апрелде Ош облусунда COVID-19 инфекциясынан 2 адам көз жумду. Бүгүнкү күндө өлкөдө коронавирустан жалпы 4 адам каза тапты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов бүгүнкү брифингде билдирди.

6-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19 жуктуруп алгандардын саны 216га жетти. Алардын ичинен 19 адам айыгып, бүгүн дагы 23 адамды ооруканадан чыгаруу пландалып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM