Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда дагы 10 бейтап коронавирустан айыкты

Кыска кабар | 6 Апр 2020 | 1160 | 0

Бүгүн, 6-апрелге карата коронавирустан айыгып, 10 киши ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Ошондой эле ал дагы 23 кишинин анализдери даярдалып, Жалал-Абад облусундагы ооруканадан чыгарууга камданып жатышканын билдирди.

Бүгүнкү күндө коронавирус диагнозу менен жаткырылып, айыккан жалпы 19 бейтап стационарлардан чыгарылды.

Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 216га жетти. Алардын ичинен 19 адам айыгып, төртөө каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM