Биз менен байланышыңыз

Францияда 600гө жакын аскерге коронавирус жукту

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Апр 2020 | 398 | 0

Франциянын 600дөй аскерине коронавирус жукканын Франциянын Коргоо министри Флоренс Парли билдиргенин РИА Новости жазды.

Жума күнү Франциянын Саламаттыкты сактоо башкы дирекциясынын башчысы Жером Саломон өлкөдө коронавирустан каза болгондордун саны 6,5 миң кишиден ашкандыгын жана жуктурган адамдардын жалпы саны 64 338 адамга жеткенин айтты.

Биздин 600гө жакын аскерибиз COVID-19 менен ооруп калышты. Биз кырдаалды кылдаттык менен көзөмөлдөп, ошого жараша аскердик түзүлүштөрдү жөндөп жатабыз. Мен биздин аскердик даярдыгыбызга эч кандай таасир тийгизбегендигин тактап кетким келет ,- деди министр.

Парли кошумчалагандай, буга чейин Франциянын Куралдуу күчтөрүнүн коргонуу инфраструктурасын курулуш кызматында иштеген жарандык кызматкерлердин бири коронавирустан көз жумган. Ошондой эле, Сахелдеги «Бархан» операциясысына катышкан төрт аскер да коронавируска чалдыккан.

Джонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча дүйнө жүзү боюнча COVID-19 инфекциясынын тастыкталган учурларынын саны 1,1 миллион кишиден ашты. Алардын ичинен 58 929 адам өлгөн. Ошол эле учурда 226 669 бейтап коронавирустук инфекциядан айыккан.

Copyright © 2017 Maral FM