Биз менен байланышыңыз

Комитет вице-премьер-министрликке Аида Исмаилованын талапкерлигин колдоду

Кыска кабар | 1 Апр 2020 | 2116 | 0

Жогорку Кеңштин депутаты Аида Исмаилованы вице-премьер-министр кызматына, Сабиржан Абдикаримовду Саламаттыкты сактоо министринин кызмат ордуна Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети колдоду.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев «Фейсбук» баракчасына жазды.

Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жана саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кызматтарынан бошотулду.

Copyright © 2017 Maral FM