Биз менен байланышыңыз

Өзгөчө абал: Көп суралган суроолорго жооп

Кыска кабар | 25 Мар 2020 | 1539 | 0

Республикалык штаб 25-марттагы Бишкек шаарынын комендатурасынын маалымат жыйынынын жыйынтыктарын жарыялады.

Ага ылайык:

‼️Бишкек шаарынын бардык периметри боюнча 41 блок-пост жайгашкан;

‼️Коменданттык саат 20:00дөн тартып эртең мененки саат 07:00гө чейин;

‼️Маршруттук баракчаны кагаз бетине кол менен толтурса болот;

‼️Борбордон тышкары жашаган, бирок бул жерде иштеген жарандарга – иш берүүчүлөр иштегендиги тууралуу маалымат кагазын биз бере турган өткөрмө кагазга ылайык берүүгө милдеттүү;

‼️Башка шаарда жашаган адамдар азыркы жашаган жеринен жашагандыгы тууралуу маалымкат (ТЖК, үй, кварталдык) жана ким экендигин тастыктаган күбөлүгү болууга тийиш;

‼️Бүгүнкү күндөн баштап такси жана коомдук транспорттун иши толугу менен токтотулду, эгер бузуулар болсо, алардын жетекчилерине карата тийиштүү чаралар көрүлөт;

‼️Медициналык мекемелер менчигинин түрүнө карабастан иштөөгө милдеттүү, алардын ээлери толук кандуу иштешин камсыз кылууга тийиш;

‼️Банктар жана алардын филиалдары дагы күндүзгү убакытта, кардарларды кабыл алуу жана тейлөө боюнча иштелип чыккан убакыт регламентине ылайык, иштешет;

‼️Коомдук тамактануу жайлары жабылды, бирок күндүзү алып кетүүгө гана иштесе болот жана жеткирүү кызматтарына 20:00гө чейин күндүзгү убакытта гана тамак жеткирип иштөөгө уруксат берилет;

‼️Өзгөчө абал режими тууралуу бардык суроолор боюнча 66 06 16; 66 07 10; 66 21 34; 66 02 48 номерлери боюнча колл-центрге кайрылсаӊыз болот;

‼️20:00дөн 07:00гө чейин коменданттык саат учурунда милиционерлер, медиктер жана коммуналдык кызматтар гана иштейт;

‼️Күндүзгү убакытта ММКлар үчүн чектөөлөр жок, аккредитациядан өтүү зарыл, кошумча маалымат берилет;

‼️Эгерде дачага чыгып кеткиӊиз келсе, ошол жакта изоляцияланса болот – колдоого алынат;

‼️Үй жандыктары менен короодо жана кыска убакыт гана сейилдөөгө болот, коммендаттык саат мезгилинен сырткары;

‼️Санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди бузууга 1000 сом өлчөмүндө административдик айып каралат, протокол түзүлүп, токтом чыгарылып, төлөө банк аркылуу гана жүргүзүлөт.

Коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын-алуу максатында 25-марттан тарта Бишкек шаарында, Ош шаарында, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунда жана Жалал-Абад шаарында, Сузак районунун аймагында өзгөчө абал киргизилди.

Дагы 2 кишиден коронавирус аныкталды, жалпы- 44 адам

Copyright © 2017 Maral FM