Биз менен байланышыңыз

Өзгөчө абал: Бюджеттик мекемелер аралыктан иштөөгө таратылат

Кыска кабар | 24 Мар 2020 | 903 | 0

Бардык мамлекеттик органдар, министрликтердин кызматкерлери аралыктан иштөөгө коё берилет. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

Бардык мамлекеттик органдардын, министрликтердин жана мекемелердин жетекчилери өлкө аймагында өзгөчө абал режимин киргизүү мезгилинде, коронавирус инфекциясынын андан ары жайылышына жол бербөө максатында кызматкерлерин санитардык чараларды так сактоо менен аралыктан иштөөгө коё берсин, — дейт вице-премьер-министр.

Кыргызстанда Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Ноокат, Сузак, Кара-Суу райондорунда 25-марттан баштап 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM