Бардык мамлекеттик органдар, министрликтердин кызматкерлери аралыктан иштөөгө коё берилет. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.
—Бардык мамлекеттик органдардын, министрликтердин жана мекемелердин жетекчилери өлкө аймагында өзгөчө абал режимин киргизүү мезгилинде, коронавирус инфекциясынын андан ары жайылышына жол бербөө максатында кызматкерлерин санитардык чараларды так сактоо менен аралыктан иштөөгө коё берсин, — дейт вице-премьер-министр.
Кыргызстанда Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Ноокат, Сузак, Кара-Суу райондорунда 25-марттан баштап 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилүүдө.