Биз менен байланышыңыз

Айрым товарларды Кыргызстандан ташып чыгууга чектөө киргизилди

Кыска кабар | 23 Мар 2020 | 1238 | 0

Кыргызстандан айрым товарларды ташып чыгууга убактылуу чектөө киргизилди. Тиешелүү токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Алты ай товарлардын айрым түрлөрүн Кыргызстандын аймагынан экспорттоого убактылуу тыюу салынат. Алар:

  1. Буудай жана буудай азыктары
  2. Буудай уну
  3. Өсүмдүк майы
  4. Күрүч
  5. Макарондун түрлөрү
  6. Шекер
  7. Тоок жумурткасы
  8. Тамак-аш үчүн йоддолгон туз
  9. Тоют (чөп, саман, комбикорм, улпак жана дан тоюту)
  10. Салфеткалар жана башка бактерияга каршы каражаттар
  11. Дезинфекциялоочу каражаттар

Мамлекеттик бажы кызматы, Мамлекеттик чек ара кызматы, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат мыйзамсыз экспортту жоюуга багытталган зарыл чараларды көрүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM