Биз менен байланышыңыз

Коронавирусту жуктурган Бишкектеги жарандардын жаш курагы айтылды

Кыска кабар | 21 Мар 2020 | 910 | 0

Кыргызстанда коронавирус жуктурган акыркы эки адамдын жаш курагы айтылды. Республикалык штабтын маалыматына караганда, алар экөө тең эркек балдар.

Франциядан учуп келген 1996-жылы туулган 24 жаштагы кыргыз жараны “Манас” эл аралык аэропортундагы обсервация борборунда жайгашкан.

Ал эми, экинчиси кичи ажылыктан кайткан 1994-жылы туулган 26 жаштагы кыргыз жараны Бишкек шаарындагы “Ак-Кеме” мейманканасында изоляцияга алынган.

Кыргызстанда ушуну менен коронавирусту жуктургандардын саны 14 кишиге жетти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM