Биз менен байланышыңыз

Шавкат Мирзиёев Кыргызстандын элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Кыска кабар | 21 Мар 2020 | 428 | 0

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев өлкө башчыбыз Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстандын элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Чындыгында, бул жаркыраган майрамды чоң шыктануу жана кубаныч, чыдамсыздык жана көксөгөн ой-кыял менен ар дайым күтүп алган эки бир тууган элибиздин жалпы салт-санаасын жана баалуулуктарын байыркы Нооруз өзүнүн кайталангыс көркөмдүгү жана терең маани-маңызы менен ишке ашырат. Соңку жылдардагы бергелешкен иш-аракеттерибиз менен мамлекеттерибиздин ортосундагы ак ниет коңшулук жана стратегиялык шериктештик мамилелерибиз жаңы баскычка көтөрүлгөнүн тааныган шартта сиз менен болгон баарлашуулар жана жогорку деңгээлдеги жолугушуулар көп кырдуу жана эки жакка тең пайдалуу кызматташтыкка кызмат кыларын өзүнчө белгилеп айткым келет, — деп айтылат Өзбекстан Президентинин куттуктоосунда.

Шавкат Мирзиеев Сооронбай Жээнбековго бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди, ал эми Кыргызстан элине тынчтык, эсенчилик жана өсүп-өнүгүүнү каалады.

Ушундай эле куттуктоолор алыскы жана жакынкы өлкөлөрдүн лидеринен келген.

Copyright © 2017 Maral FM