Биз менен байланышыңыз

Бишкекте Нооруз майрамы белгиленбей турган болду

Кыска кабар | 19 Мар 2021 | 712 | 0

Бишкек шаарында 21-март – Нооруз майрамына карата иш-чаралар өткөрүлбөйт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Мунун себебин алар пандемияга байланыштуу деген жүйө менен түшүндүрүштү.

«Санэпидкөзөмөл борборунун маалыматына ылайык, Бишкекте 2021-жылдын январь айынан 18-мартка карата коронавирус жана пневмония менен ооруган учурлардын саны 2 миң 551ге жетти. Коронавирустун жаңы штаммынын дүйнөдө жайылышы, коңшу өлкөлөрдө карантиндик чектөөлөрдүн күчөтүлүшү жана Кыргызстандагы эпидкырдаалдын туруктуу эмес абалын эске алуу менен Бишкекте Нооруз майрамына карата өткөрүлө турган иш-чараларга чектөө киргизилет», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми Ош шаарында 21-март «Нооруз-2021» элдик майрамы борбордук аянтта чоң салтанат менен белгиленет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM