Биз менен байланышыңыз

Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион жабылды

Кыска кабар | 20 Мар 2020 | 396 | 0

Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион убактылуу жабылды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги кабарлайт.

Бул аракет коронавирустун жайылышынын алдын алуу максатында жасалууда.

Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктургандардын саны 6га жетти. Алардын үчөө Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургундары. Дагы үчөө Оштун Ноокат районунун тургундары. Саламаттыкты сактоо министрлиги алар Сауд Аравиясынан кичи ажылыктан келишкенин кабарлады. Учурда алар изоляцияда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM