Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда дагы 3 кишиден коронавирус аныкталды

Кыска кабар | 20 Мар 2020 | 6024 | 0

Кыргызстанда 20-мартка карата дагы 3 адам коронавирус илдети менен катталды. Алар Ноокат районунун тургандары болуп чыгышты. Учурда үчөө тең изоляцияга алынды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев бүгүн, 20-мартта брифингде билдирди.

Буга чейин Сузак районунун 3 тургуну бул вирусту жуктуруп алганы кабарланган.

Космосбек Чолпонбаевдин айтымында, коронавирус катталган Ноокат районунун жарандары да кичи ажылыктан келишкен. Алар Кувейт-Ош багыты боюнча келишкен.

Кыргызстанда ушуну менен жалпысынан коронавирус менен катталгандардын саны 6 кишиге жетти.

Кыргызстанда коронавируска алгачкы жолу үч киши чалдыкканы тууралуу 18-мартта кабарланган. Алар Сауд Аравиясынан кичи ажылыктан 12-мартта келишкен. Алар менен чогуу учакта 144 адам келген. Алардын экөө Өзбекстанга кетишкен, калган 142 киши обсервацияга жаткырылган.

Copyright © 2017 Maral FM