Биз менен байланышыңыз

Боронов: Чет өлкөдөн келген кыргызстандыктар аэропорттон эки ирет текшерилүүдө

Кыска кабар | 18 Мар 2020 | 743 | 0

Коронавирус инфекциясына байланыштуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов «Манас» эл аралык аэропортуна барып, чет өлкөлөрдөн келген кыргызстандыктарды медициналык кароо чараларын жүргүзгөн тиешелүү кызматтардын ишин жеринен дагы бир жолу текшерди. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Биринчи вице-премьер-министр Түркиядан келген жүргүнчүлөрдү текшерүү ишине байкоо салды. Кыргызстандын аймагына чет өлкөдөн келген кыргызстандыктар аэропорттон эки ирет текшерүүдөн өтүүдө.

Коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө боюнча бир катар чаралар көрүлүүдө. Учурда тармактык мамлекеттик органдар текшерүү жол-жобосун оптималдаштыруу боюнча биргелешкен иш аракеттерди жүргүзүп жатат, — деди Кубатбек Боронов.

Муну менен катар биринчи вице-премьер-министр обсервациялык жайдын иши менен таанышты. Карантинге алынган аймакты Саламаттык сактоо министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тейлейт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, медицина кызматкерлеринин талабына ылайык, карантинге алынган аймак байма-бай дезинфекцияланып, обсервациялык жайдан чыккан буюмдар медициналык калдык катары утилизацияланат.

Copyright © 2017 Maral FM