Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга беткап ташуучулар кошумча нарк салыгынан бошотулду

Кыска кабар | 17 Мар 2020 | 754 | 0

Кыргызстандын аймагына медициналык беткаптарды жеткирүү жана импорттоочулар кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулду. Тийиштүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Бул чечим калкты медициналык багыттагы буюмдар менен камсыз кылуу максатында кабыл алынды.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун калк үчүн жаңы коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу негизги сунуштарынын бири милдеттүү түрдө медициналык беткап тагынуу болуп саналат.

17-мартка карата Кыргызстанда өпкөнү сезгенткен ооруну жуктургандар катталган жок.

Ошто беткап өндүрүлө баштады

Copyright © 2017 Maral FM