Биз менен байланышыңыз

Токио-2020 Олимпиадасын өткөрүү же жылдыруу маселеси бүгүн чечилет

Кыска кабар , Спорт | 17 Мар 2020 | 513 | 0

Эл аралык Олимпиада комитети (ЭОК) бүгүн Токио-2020 Олимпиада оюндарын өткөрүү боюнча маселени талкуулап чечим кабыл алат. Бул тууралуу sports.ru маалымат булагы жазды.

Эл аралык Олимпиада комитетинин (ЭОК) президенти Томас Бах спорттук түзүмдөрдүн өкүлдөрү менен телефондон конференция уюштуруп, коронавирус эпидемиясынын тарашы боюнча көйгөйдү талкуулайт. Конференцияга эл аралык спорттук федерациялардын башчылары, улуттук олимпиада комитеттеринин жетекчилери катышат.

Жыйында Токио – 2020 Олимпиадасына байланыштуу сөз болору күтүлөт. Буга чейин ЭОК жана мелдешти өткөрүүчү шаар жана уюштуруу комитети коронавирус пандемиялык абалга келгенине карабастан, оюндар мурда белгиленген мөөнөттө− 24-июль -9-август күндөрү өтөрүн билдиришкен.

17-мартка карата дүйнө жүзүндө коронавируска чалдыккан 182 407 учур катталган. Ал эми бул оорудан каза болгондордун саны 7 154кө жеткени айтылат.

Copyright © 2017 Maral FM