Биз менен байланышыңыз

Нарын: Алкоголдук продукцияны мыйзамсыз саткандар аныкталды

Кыска кабар | 17 Мар 2020 | 556 | 0

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы менен биргелешкен иш-чаралардын жүрүшүндө Нарын облусунун Кочкор районундагы Кочкор айылында жайгашкан «Арзан» дүкөнүнөн сатууга тийиштүү лицензиясы жок алкоголдук продукцияны сатуу фактысын аныкташты.

Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Натыйжада ар кандай ассортименттеги 715 бөтөлкө алкоголь тартып алынды.

Азыркы учурда сотко чейинки териштирүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM