Биз менен байланышыңыз

Өкмөт ун жана буудай сатып алууга 800 млн сом бөлөт

Кыска кабар | 16 Мар 2020 | 622 | 0

Өкмөт элди ун жана буудай менен камсыз кылууга 800 млн сом бөлөт. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, бюджеттен 400 млн сом бөлүнөт. Ошондой эле, мамлекеттик эки банк 200 млн сомдон бөлүшөт.

Учурда Материалдык резервдер боюнча мамлекеттик фонддо 60 миң тоннадан ашык ун жана буудай бар, ал өкмөт белгилеген баа менен аймактарга сатыкка чыгарылат.

Өкмөт башчы азык-түлүктүн баасын жогорулатпоого, мындай аракеттерге баргандарга катуу чара көрүлөрүн айтты.

Саламаттык сактоо министрлиги республиканын аймагында коронавирус катталган учур жок экенин, эпидемиологиялык кырдаал туруктуу экенин билдирет.

Обсервацияда 341 адам жатат, 1228 киши үй карантинге алынган. 1218 адам 14 күндүк карантинден кийин чыгарылды.

Copyright © 2017 Maral FM