Биз менен байланышыңыз

Нуракун уулу: Парламент кадимки режимде иштейт

Кыска кабар | 13 Мар 2020 | 507 | 0

Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны, комитеттердин отурумдары кадимки режимде иштейт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу бүгүн, 13-мартта билдирди. Анын айтымында, пленардык жыйындарды жылдыруу чечими азырынча чыга элек.

Буга чейин Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева,  депутат Абдыбек Дүйшалиев жана парламенттин жети кызматкери 14 күнгө үй карантинине алынганы маалым.

13-мартка карата Кыргызстанда эпидемиялык абал туруктуу, коронавирус катталган учур жок.

Copyright © 2017 Maral FM