Биз менен байланышыңыз

Бактыбек Турусбеков: Тойлорду убактылуу токтото туралы

Кыска кабар | 12 Мар 2020 | 974 | 0

Жогорку Кеңеште коронавирустан сактануу максатында өлкөдө тойлорду токтотуп туруу сунушталды. Бул сунушту парламенттин бүгүнкү, 12-марттагы жыйынында депутат Бактыбек Турусбеков айтты. Депутат эпидемияга байланыштуу Кыргызстанда эл көп чогулуучу иш-чараларды убактылуу токтото туруу керек деп эсептейт.

Тойлор өтөт. Ага 500-700 адам келет. Кол алышып саламдашышат, коштошушат, конверт тапшырышат. Элден, бизнестен кечирим сурайм, албетте. Бирок кеп элибиздин ден соолугунда болуп жатат, — дейт ал.

Турусбеков ошондой эле, окуучуларды жана студенттерди каникулга таратып, окууну жайкыга которуу боюнча Тазабек Икрамовдун сунушун кубаттады.

Икрамов буга чейин билим берүү мекемелерин 15-марттан 15-апрелге чейин жаба туруу сунушун айткан.

Кыргызстанда бул илдет катталган жок.

Учурда Кытайдан чыккан коронавирус дүйнөнүн 110дон ашуун өлкөсүнө тарап, дээрлик 126 миң адамга жукканы маалым. Илдеттен каза болгондор 4200дөн ашкан.

Copyright © 2017 Maral FM