Биз менен байланышыңыз

Талас облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыска кабар | 11 Мар 2020 | 296 | 0

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 11-мартта саат 02:09да Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жер титирөө Талас облусунун Манас районунун Арал, Кара-Арча айылдарында 2,5 балл жана Пакровка айылында 2 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Copyright © 2017 Maral FM