Биз менен байланышыңыз

Дональд Трамп Москвага Жеңиш күнүн белгилегенге келбей тургандыгын билдирди

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Мар 2020 | 668 | 0

АКШ президенти Дональд Тармп 9-майда Москвада өтө турган гитлердик Германиянын үстүнөн болгон жеңиштин 75 жылдык салтанатына келбей тургандыгын айтты. Мамлекет жетекчинин мындай чечимин Ак үйдүн маалымат кызматы 10-мартта билдирип: “Москвада өтө турган салтанаттуу иш-чараларга катыша албай тургандыгынын себебин АКШда “саясий сезондун” кайнаган маалына туш келип кала тургандыгы менен байланыштырды. Трамп Кремлдин чакыруусунан баш тартып, орус бийлигине сылык-сыпаа ыраазычылыгын билдирген.

Ал эми Орусия тарап Жеңиш күнүндө АКШ тараптын өкүлү ким болорун билбейт. Бул тууралуу Орусия федерациясынын президентинин пресс-катчысы Сергей Песков билдирген.

Буга чейин Орусия президенти Владимир Путин Гитлерге каршы коалициянын курамындагы өлкөлөрдүн өкүлдөрүн 9-майда Жеңиш күнүн белгилөө үчүн Москвага чакырган.

АКШда 2020-жыл президентти шайлоо менен өтөрү белгилүү. Июль айына чейин партия ичиндеги добуш берүүлөрдөн соң, республикачыл жана демократтардын кандидаттары расмий түрдө партиялык съезддерде көрсөтүлүшөт. АКШда мамлекет башчысын шайлоо 3-ноябрга белгиленген.

 

Copyright © 2017 Maral FM