Биз менен байланышыңыз

АКШ аскердик контингентин Ооганстандан чыгарып кете баштады

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Мар 2020 | 530 | 0

135 күндүн ичинде Ооганстандагы америкалык аскерлердин саны эки эсеге азаят.

АКШ Ооганстандагы аскерлерин кечээ, 9-марттан тарта өлкөдөн чыгарып кете баштады. Бул тууралуу Ооганстандагы америкалык аскердик контингенттин өкүлү Сонни Леджетт билдирди. Анын айтымында, 135 күндүн ичинде АКШ аскерлеринин саны 8600гө чейин азаят. Ошону менен катар эле АКШ аскердик күчтөрү “Аль-Каида” жана “ “Ислам мамлекети” террордук уюмдарына каршы операцияларга катыша берерин жана ооган коопсуздук күчтөрүнө жардам берүүнү улантарын билдирди.

Белгилей кетсек, учурда Ооганстанда АКШнын жана НАТОнун 13 миң аскери жайгашкан. 8000ге чукул аскер НАТОнун “Чечкиндүү колдоо” аттуу ооган коопсуздук күчтөрүн үйрөтүүчү миссиясынын алкагында аракет кылышат. Ал эми калган аскерлер террорго каршы операцияларга катышып келишет деп айтылат Сонни Леджеттин маалыматында.

Copyright © 2017 Maral FM