Биз менен байланышыңыз

Иранда калган кыргызстандык айдоочулар кайрылуу жасады (видео)

Кыска кабар | 7 Мар 2020 | 3351 | 0

Ирандын аймагынан чыга албай жаткан айдоочулар учурдагы абал тууралуу видеокайрылуу жасады. Бул видео «Баракелде» басылмасына жөнөтүлгөн.

Кайрылууда алар өлкө жетекчилигинен Ирандын аймагынан чыгарып кетүүнү суранып жатышат.

Айдоочулар белгилегендей, унааларында күйүүчү май түгөнүп, тамак-аш да калбай калган. Ал жердеги дүкөндөр жабык. Ал эми Кыргызстандын Ирандагы консулу аларга күтүп турууну айткан.

Иранда калган кыргызстандык айдоочулардын мекенге келүүсүн камсыздоо аракети көрүлүүдө. Тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахмановдун айтымында, кыргыз ТИМи Түркмөнстан, Азербайжан жана Орусиянын дипломатиялык миссияларынын башчыларына нота тапшырган.

Өз сөзүндө ал 2-4-мартта жолугушуу болуп, Ирандагы кыргызстандык айдоочулардын Кыргызстанга Түркмөнстан менен Азербайжандын аймагы аркылуу транзит менен өтүү маселеси каралганын эске салды.

Акыркы маалыматтар боюнча, 76 автоунаа, Кыргызстандын жарандарынан 76 айдоочу Түркмөнстан чек арасын жапкан 18-февралдан тарта Ирандын аймагында. Бул сандар улам жаңыланып, тактоо иштери улантылып жатат.

7-мартка карата Иранда коронавируска кабылгандардын жалпы саны 4 680 адам, каза болгондор 127.

Copyright © 2017 Maral FM