Биз менен байланышыңыз

Кыргыз футбол союзунун логотибин жасоого сынак жарыяланды

Кыска кабар | 6 Мар 2020 | 340 | 0

Кыргыз футбол союзу логотибин жасоого сынак жарыялайт. Аталган логотип расмий эмблемасы катары кабыл алынып, расмий документтерде, КФС сайтында, социалдык тармактарда жана башка маалыматтык жана сувенирдик продукцияларда колдонулат. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунун маалымат кызматы билдирди.

Сынактын мөөнөтү 15-апрелге чейин. Эң мыкты 5 тизмеге кирген сынактын катышуучуларына Улуттук курама команданын футболкасы жана 2020-жылкы курама команданын өз талаасында ойногон беттештерге абонент берилет.
Сынактын жеңүүчүсүнө: 1000 доллар.

Сынак тууралуу кошумча маалыматтар жана логотип боюнча талаптар Кыргыз футбол союзунун kfu.kg сайтында жайгаштырылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM