Биз менен байланышыңыз

Футбол: Шоро Премьер Лигасында ойноочу командалар көбөйдү

Кыска кабар , Спорт | 28 Фев 2020 | 367 | 0

Кыргызстандын футбол боюнча жогорку Шоро Премьер Лигасынын жаңы сезонунун регламенти жана катыша турган командалар бекитилди. Анда мөөрөй талашкан тогуз команда катышары аныкталды.

Мындай чечим Кыргыз футбол союзунун (футбол федерация) Аткаруучу комитетинин кезексиз өткөрүлгөн жыйынында кабыл алынганын мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Кыргыз Республикасынын футбол боюнча чемпионатынын жаңы сезонунда 9 команда катышат. Алар: «Дордой», «Алай», «Алга», «Нефтчи», «Абдыш-Ата», «Илбирс», «Кара-Балта», «Лидер» жана «Каганат».

Ошондой эле жыйында чемпионаттын регламенти бекитилип, эки этапта өтө турган болду. Биринчи этапта 9 команда алгачкы үч айлампада бири-бири менен ойношот. Экинчи этапта чемпионатта алдыңкы 4 команда финалдык баскычка чыгып, эки айлампада бири-бири менен ойнойт.

Ал эми Molten Vantaggio аттуу футболдук топ Шоро Премьер Лигасынын 2020-жылдагы расмий ойнолуучу тобу болуп тандалды.

Copyright © 2017 Maral FM