Connect with us

Экономикалык өнүгүүнү өбөлгөлөө боюнча республикалык штаб түзүлдү

Кыска кабар | 6 Мар 2020 | 567 | 0

Коронавирустун жайылышы боюнча кырдаалга байланыштуу тышкы таасирлердин кесепетин азайтуу жана экономикалык өнүгүүнү өбөлгөлөөгө багытталган экономикалык иш-чараларды жүзөгө ашыруу боюнча республикалык штаб түзүлдү. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Республикалык штабды экономикалык маселелерге жооп бере турган вице-премьер-министр Эркин Асрандиев жетектейт. Өкмөттүн Аппарат жетекчиси – министр Самат Кылжыев, ошондой эле экономика министри Санжар Муканбетов штабдын төрагасынын орун басары болуп эсептелет.

Штабдын биринчи жыйынында алдындагы маанилүү милдеттер жана маселелер белгиленип, каралды. Тармактык мамлекеттик органдарга тышкы таасирлердин кесепеттерин азайтуу жана ата мекендик өндүрүштү өбөлгөлөө боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу жана бекитүү боюнча тапшырмалар берилди.

Эске салсак, өлкөнүн экономикалык коопсуздугу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйынында Өкмөткө тышкы таасирлердин кесепеттерин азайтуу жана экономикалык өнүгүүнү өбөлгөлөө боюнча республикалык штаб түзүү сунушталган.

Copyright © 2017 Maral FM